16 партия биригип "Үмүт кыймылын" түзүштү. Алар кайсы партиялар?

"Бүтүн Кыргызстан", "Замандаш", "Мекен Ынтымагы" жана башка саясий партиялар биригип "Үмүт кыймылы" деген кыймыл түзүштү. Бул тууралуу бүгүн, 28-октябрда "Мекен Ынтымагы" саясий партиясынын лидери Темирбек Асанбеков маалымат жыйында билдирди.

Ага ылайык, жаңы түзүлгөн кыймылга 16 партия киргени маалымдалды.

Алар:

  • "Бүткүл жаштар партиясы"
  • "Реформа"
  • "Мекен Ынтымагы"
  • "Бүтүн Кыргызстан"
  • "Социал-демократтар"
  • "Эгемен Кыргызстан"
  • "Жаштык партиясы"
  • "Бийлик элге партиясы"
  • "Элдик кеңеш"
  • "Эл эрки"
  • "Замандаш"
  • "Жашылдар партиясы"
  • "Кыргызстандын элдик-демократиялык партиясы"
  • "Эл үнү партиясы"
  • "ЛДП "Нур" партиясы".

Маалымат жыйыны учурунда "Реформа" партиясынын мүчөсү Азият Жекшеев парламенттик шайлоонун мөөнөтүнүн жылдырылышы боюнча мыйзам элге таңууланганын айтты.

"Бул партиялар өлкөнүн мыйзамдуулук талаасына кайтып келүү боюнча идеяны колдоп, бийликке талаптарды койду", - деди Жекшеев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан