Бүгүн, 28-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында Садыр Жапаров баштаган өкмөт мүчөлөрү ант беришти. Андан соң Жапаров депутаттарга ыраазычылык билдирип, өкмөт мүчөлөрүнө ийгиликтерди каалады.
"Депутаттарга ыраазычылык билдиребиз. Кезексиз, кезектүү жыйындарга чогулуп жардам бериңиздер. Экономикалык жактан мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун тез арада карап берүүңүздөрдү өтүнөм. Өкмөт мүчөлөрүнө ийгиликтерди каалайм", - деди Жапаров.