Шоумен Санжар Мыкыев менен жубайы Наристе кызы Селиманын тушоосун кесип, калың элден бата алды. Той борбор калаадагы ресторандардын биринде өтүп, ага шоумендин жакындары, чыгармачылыктагы катыштары, достору келди.
"Кызым Селима 1 жашта. Пандемия башталганга чейин кызыбыздын тушоосун жай мезгилинде кесели деп пландаганбыз. Бирок оору жайылып, карантин болуп, той жылдырылган.
Элдин жакшылыгында кызмат кылып, күндө тойдо жүрсөм да өзүбүздүн тойдо толкундандым", - дейт ал.
Санжар мырза 2013-жылдын ноябрь айында Наристе менен баш кошкон. Түгөйлөрдүн Фатима жана Селима аттуу кыздары бар.