Чүй облусунун Токмок шаарындагы "Булак" базарынан өрт чыкты. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, өрттү өчүрүүгө үч өрт өчүрүү кызматы тартылган.
"Алдын ала маалыматтар боюнча, базардын четинде жайгашкан дүкөндөрдүн биринен өрт чыккан. Токмок шаарынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлдөрү кырсык болгон жерде иштеп жатышат. Өрттүн келип чыгуу себептери такталууда. Толук маалымат кийинчерээк берилет", - деп билдиришти мекемеден.