"Сирияга жөнөтүү үчүн каражат чогултуп жүргөн". УКМК эл аралык террордук уюмдардын мүчөсүн кармады

УКМКнын кызматкерлери эл аралык террордук уюмдардын мүчөсүн кармады. Маалыматты аталган кызматтан билдиришти.

26-октябрь күнү УКМК эл аралык террордук уюмдардын ишмердүүлүгүн каржылоо каналдарын аныктоого жана бөгөт коюуга багытталган террордукка каршы иш-чаралардын алкагында, 1995-жылы туулган И.Н. аттуу жаран кармалган.

Кармалган адам эл аралык террордук уюмдун жетекчилеринин көрсөтмөсү боюнча акча каражаттарын Сирияда согуш аракеттерине катышкан бандиттик түзүмдөргө жөнөтүү үчүн чогултуп жүргөндүгү аныкталды.

Террордук ишти каржылоо фактысы боюнча сотко чейинки материалдар Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Кармалган адам УКМКнын тергөө камак жайына киргизилип, тергөө иш-чаралары жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан