Ош шаарында кош бойлуу аялдын сабалып өлтүрүлүшүнө жана арачыга түшкөн апасын сабаганга шектелип маркум келиндин күйөөсү кармалган болчу. Шектүүнүн оорукананын жандандыруу бөлүмүндө жаткан кайненеси дагы каза болду. Бул тууралуу Ош ШИИБинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, шектүүнүн кайненеси алган жарааттарынан улам эсине келбей 27-октябрда каза болгон.
Буга чейин Ош шаарында аялын өлүмгө жеткире сабаган жаран эки айга камакка алынганы кабарланган. Шектүү тергөөдө аялы телефон чукулап отура бергени үчүн жана кайненеси менен бирге жашагандыктан ал "иштебейсиң, ичип келесиң" деп уруша бергендиктен ушул ишке барганын айткан.
"Дарыгерлердин айтымында, маркум аял 2 аптадан кийин көз жармак. Алардын ортодо башка баласы жок. Тактап айтканда, алардын баш кошконуна жыл гана болгон", - деп билдиришкен Ош ШИИБинин маалымат кызматынан.