Мыйзам долбоору кечээ, 28-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында каралып, кворум болбогондуктан добушка коюлган эмес.
Депутат Бекешевдин пикиринде, мыйзам долбоору иштеп баштаса укук коргоо органдары ишкерлерге карата кыянаттык жасап коюшу мүмкүн.
"Кылмыш-жаза кодексине киргизилип жаткан өзгөртүүлөр Садыр Жапаровдун ою боюнча, республикалык бюджетти 60 күндүн ичинде эле толтуруп коёт. Мыйзамда каралган нормалар өлкөдө 60 күн иштеп, ал боюнча жеп-ичкендердин баары кайрадан баарын эки эселеп төлөп бериши керек. Мисалы, кайсы бир жаран "мыйзамсыз ишкердик", "салыкты төлөөдөн баш тартуу", "экономикалык контрабанда", "коммерциялык сатып алуу", "коррупция" жана башка ушул сыяктуу беренелер боюнча кармалса СИЗОго отурат. Бирок кармалган адам тергөө менен кызматташууга барып, жеп алган акчаларын төлөп берсе, экономикалык амнистиянын негизинде бошотулат.