Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлүгүнө мекеменин мурдагы төрагасы Акылбек Сариевдин талапкерлиги сунуш кылынды. Маалыматты Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан SUPER.KG порталына тастыкташты.
Маалыматка ылайык, Сариевдин талапкерлиги сунушталганы менен азырынча чечим чыга элек.
“Ооба, БШК мүчөлүгүнө Сариевдин талапкерлиги сунушталган, бирок чечим чыга элек, чечим чыкса кабарлайбыз. Ал эми Атыр Абдырахматова БШК мүчөлүгүнөн биротоло чыгарыла турганы маалымдалууда”, - деп билдиришти мекемеден.
БШКнын мүчөлөрүн беш жылдык мөөнөткө Жогорку Кеңеш бекитет.