Садыр Жапаров коррупция менен күрөшүү татаал болуп жатканын билдирди

Коррупция менен күрөшүү татаал болуп жатканын бүгүнкү жыйында президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров билдирди.

“Коррупция менен күрөшүү өтө татаал болуп жатат. Чырмалышып калган экен. Муну конституциялык реформа жасап, башкаруу системине өзгөртүү киргизгенден кийин гана жойбосок, азыр өтө татаал экен. Бирок колдон келген аракетибизди жасап жатабыз. Бүт дүйнө пайда тапкан бажыдан бизге эмнеге киреше кирбейт? Жол курууга ири насыялар алынган, эмнеге жолдорубуз жаман? Дүйнөдө наркобарондор бар, а бизде энергобарондор болуп жатат", - деди Жапаров.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан