Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 29-октябрда президенттикке талапкерлер үчүн документтердин тизмесин бекитти. Бул тууралуу БШКдан билдиришти.
Ага ылайык, президент болууга талапкер жаран 1 миллион сом өлчөмүндөгү күрөө төлөп, "Айыл банк" же "РСК банкында" шайлоо фонду үчүн эсеп ачышы керек.
Ошондой эле шайлоо фондунун суммасы 200 миллион сомдон ашпашы керектиги маалымдалат.
Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоону өткөрүү 2021-жылдын 10-январына белгиленген.
Шайлоо мыйзамдарына ылайык, президенттикке талапкерлерди көрсөтүү 15-ноябрга чейин жүргүзүлөт. Ал эми шайлоо алдындагы үгүт иштери 15-декабрдан башталат. Ал эми 7-декабрга чейин документтерди тапшыруу башталат. Мөөнөтүнөн мурда шайлоодо бардык өнөктүктөр төрттөн бирге кыскарат.