Бүгүн, 29-октябрда Аламүдүн районунун Кара-Жыгач айылынын жанынан өрттөлгөн адамдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Аламүдүн районунун Ички иштер башкармалыгынын нөөмөт бөлүмүнө Кара-Жыгач айылынын жанынан эркек кишинин сөөгү табылгандыгы тууралуу билдирүү түшкөн. Ал жерге барган милиция кызматкерлери күйгөн адамдын жансыз денесин табышкан. Андан тышкары, сөөктүн табылган жеринен алыс эмес жерде Mercedes Benz үлгүсүндөгү унаа да табылган.
Милиция кызматкерлери аталган адамдын өздүгүн аныктады. Маркум Кара-Жыгач айылынын 61 жаштагы тургуну болуп чыкты. Учурда иштин бардык жагдайларын тактоо максатында милиция кызматкерлери тарабынан бир катар тергөө-оперативдик иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Бардык керектүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалды. Сотко чейинки процесстер уланууда", - деп билдиришти башкармалыктан.