Кечээ, 29-октябрда президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Галина Байтерек президенттин басма сөз катчысы болуп дайындалган.

Галина Байтерек 1971-жылы 19-июлда Чүй облусуна караштуу Панфилов районунун Ровное айылында туулган. Ал 1990-1996 жылдары Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин орус филологиясы факультетин бүтүргөн.
Эмгек жолу:
- 1994-2001-жылдары «Баластан» балдар студиясынын режиссёру, редактору жана алып баруучусу болуп иштеген. «Сами с усами», «К сокровищам инков», «Великолепная семерка» «Хочу всё знать» балдардын теле берүүлөрүнүн, өспүрүмдөр үчүн «Пятая стена», «Наристе Аземи», «Весёлые нотки» музыкалык программалардын автору.
- 2002-2004 жылдары — КТРдин «Дневной блок телепередач» программасынын баяндамачысы. «Тема дня» аналитикалык программасынын алып баруучусу.
- 2004-2006-жылдары — КТРдин жарнама-коммерциялык агенттигинин «Арноо концерти» программасынын режиссёру болуп иштеген.
- 2007-2008-жылдары — КТРдин социалдык-экономикалык инновациялык программалар редакциясынын башкы редактору. «Ала тоо плюс», «Народ хочет знать», «Акцент» программаларын түз эфирде алпарган.
- 2009-2010-жылдары «ЭЛТР» ТРКсынын баяндамачысы болуп иштеген, «Итоги недели» аналитикалык программасын алып барган.
- 2010-2015-жылдары — КТРКнын социалдык-экономикалык жана инновациялык программалар башкы редакциясынын саясий редакциясынын баяндамачысы. «Народ хочет знать», «ЦИК сообщает» программаларынын алып баруучусу.
- Кыргыз Республикасынын президентинин жана Жогорку Кеңештин депутаттары шайлоого байланыштуу бардык түз эфирдеги программалардын алып баруучусу.
- «Свободный микрофон» ток-шоусунун автору жана алып баруучусу.
- «Стратегия-2040» президенттик программасынын алып баруучусу.
Сыйлыктары:
— 2011-жылы — «КТРКнын мыктысы»;
— 2014-жылдан тарта жыл сайын «Слово Кыргызстана» жана «Кыргыз-Туусу» гезиттеринин «Жылдын мыкты редактору» наамын алып келет.
— Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлигинин «Мыкты кызматкери».
Үй-бүлөлүү, үч баланын энеси.