Кыргызстандын кикбокс боюнча курама командасы 28-сентябрдан 6-октябрга чейин Бразилиянын Сан-Паулу шаарында өтүүчү Дүйнө чемпиондугуна даярданууда. Бул тууралуу дене тарбия жана спорт агенттигинин басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, учурда 18 спортчудан турган курама команда Ысык-Көлдө машыгуу сборун өткөрүүдө. Ошондой эле кикбоксчулар менен 18-26-октябрда Санкт-Петербург шаарында өтүүчү Дүйнөлүк уруш искусствосу боюнча өтүүчү мелдешке катышуучу спортчулар да сбордо. Машыгууда жүргөн спортчулардын курамы төмөндө:
1. Кумар Жалиев
2. Олен Офойо
3. Мирлан Ибраимов
4. Айбек Дүйшөмбүев
5. Сталбек Дарканбаев
6. Уланбек Касымбеков
7. Акылбек Үсөнов
8. Мирбек Сүйүмбаев
9. Бексултан Туратбек уулу
10. Кубан Абдраимов
11. Калыбек Жолдошев
12. Алтынбек Бактыбаев
13. Рашит Аманкулов
14. Алтынбек Эсенбай уулу
15. Абай Махмуджанов
16. Кылычбек Саркарбаев
17. Сергей Смирнов
18. Рустам Ибрагимов