Монголиянын Улан-Батор шаарында 21-22-сентябрь күндөрү өткөн пауэрлифтинг (штанганы жатып көтөрүү) боюнча Азия чемпиондугунда кыргызстандык Бакыт Керимбеков күмүш медаль тагынды. Бул тууралуу КРнын пауэрлифтинг федерациясы билдирет. Кыргызстандык спортчу Бакыт Керимбеков 50-59 жаштагы чеберлер 2 бөлүгүндө 93 килограммга чейинки спортчулар менен ат салышты. Биринчи орун үчүн талаш кыргызстандык Бакыт Керимбеков менен япониялык Китагава Такеши ортосунда жүрүп, япондук спортчу жеңип кетти. Биринчи көтөрүүдө Бакыт Керимбеков 230 килограмм салмакты багынткан, бирок бул салмакты япониялык спортчу да багынтканга жетишкен. Кийинки чыгууда кыргызстандык спортчу япониялык балбанга таандык болгон 235 килограмм Дүйнөлүк рекорд жаңыртуу аракет кылып 235,5 килограмм салмакты багынтууга аракет кылган, тилекке каршы, ал салмакты көтөрө алган эмес. Ал эми япониялык спортчу болсо өз рекордун жаңыртып 236 килограмм салмакты көтөрүүгө үлгүргөн.