Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы ири көлөмдөгү салык төлөмдөрүн төлөбөй жүргөн ачык акционердик коомуна тиешелүү фактыны аныктады. Бул тууралуу Финполдон маалымдашты.
Ага ылайык, "МИС" деп аталган ачык акционердик коому 90 миллион сом өлчөмүндөгү салык төлөмдөрүн төкпөй келгени маалымдалат.
"Чүй облусуна караштуу Ысык-Ата районунда бул компанияга тиешелүү өндүрүш, соода жана айыл чарба тармагындагы 30 объекти бар экени такталды. "МИС" (машина сыноочу станция) ачык акционердик коомунун эки негизги акционери бар экен. Алардын бири "E.C.L" оффшордук компаниясы болсо, экинчиси Ж.А. аттуу өлкөнүн жогорку кызматта иштеген адамдын жубайы экени такталды. Мындан тышкары компетенттүү органдын берген маалыматтарына ылайык, аталган компания 2009-жылы жогорку кызмат адамдарынын көмөгү астында Финансы министрлигинин алдындагы экономиканы өнүктүрүү боюнча мамлекеттик фондунан 200 миллион сом өлчөмүндөгү бюджеттик ссуда (ред. пайызы жок насыя) алган. Ссуда 2012-жылга чейин кант кызылчасынын уруктарын өндүрүү жана аны иштетүүчү заводго керектүү шаймандарды алуу үчүн берилген. Бирок берилген каражат максаттуу пайдаланылган эмес. Ал эми ссуданы кайтаруу мөөнөтү эки жолу 2025-жылга чейин узартылган. Учурда тергөө иштери жүрүүдө", - деп жазылат маалыматта.