Ош облусунун Кара-Суу районунун Бирлешкен айылында жергиликтүү тургун тарабынан "Тез жардам" кызмат унаасы талкаланды. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 29-октябрда Кара-Суу районунун 56 жаштагы тургуну саат 18:30 чамасында энесинин кан басымы көтөрүлүп кеткендиктен "Тез жардам" кызматын чакырган.
"Тез жардам" кызматы келип, фельдшер бейтапты карап жаткан маалда, бейтаптын уулу айдоочу менен жаңжалдаша кетип, унаанын терезелерин талкалап салган. Ал айдоочуга "кеч келдиңер" деп доомат коюп, айдоочуну сөккөн. Бирок "Тез жардам" кызматы чакырууга 11 мүнөттө барган. Териштирүүдө "Тез жардам" чакырган жаран ал учурда мас болгону аныкталды", - дешти башкармалыктан.
Аталган окуя "бейбаштык" беренеси менен сотко чейинки өндүрүшкө алынып, 56 жаштагы тургун сурак берип жатканы маалымдалды.