Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев 30-октябрда Нур-Султан шаарына болгон жумушчу сапарынын алкагында Казакстан Республикасынын президенти Касым-Жомарт Токаев менен жолукту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.
Жолугушуунун жүрүшүндө министр Казакбаев өлкөдөгү кырдаалды акырындык менен турукташтыруу жана саясий процесстердин укуктук талаага кайтып келиши жөнүндө маалымат берди. Ошондой эле Кыргыз тарап өзүнүн бардык эл аралык милдеттенмелерин толугу менен сактайт жана буга чейин кол коюлган бардык эки тараптуу жана көп тараптуу эл аралык келишимдерди так аткарып жатканын билдирди.
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар саясий-соода-экономикалык, суу-энергетикалык жана транзиттик-логистикалык чөйрөдөгү Кыргыз-Казак кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин талкуулашты, ошондой эле мындан аркы өз ара аракеттенүүнүн келечегин белгилешти.
.