Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров Мамлекеттик кадр кызматынын директору Абдырахман Маматалиевди кабыл алды.
Садыр Жапаров 30 жыл аралыгында өлкө кадрдык башаламандыкка белчесинен батып, кызмат орундарга кесипкөй талаптарга жараша эмес, тууганчылык принциби боюнча дайындалып келгенин сындады.
"Сынактык тандоолор айрым учурларда жабык эшик артында өтүп, экономист кызматына гуманитардык билим алган адамдар дайындалып калган учурлар кездешет", - деди Жапаров.
Ошондой эле мамлекеттик башкаруу тутумун толугу менен кайрадан форматташтыруу керектигин айтты.
"Олуттуу кадрдык реформаларды жүргүзүү зарыл. Биз министрлик жана ведомстволордун санын кыскартууга баруубуз керек. Алган билим жана тажрыйба ээлеген кызматына толугу менен дал келүүсү кажет. Мугалим финансист боло албагандай эле, инженер да дарыгер боло албайт. Ар бири өз ордуна отуруп өлкөгө пайда алып келиши зарыл", - деп белгиледи ал.
Андан соң ал белгилегендей, мамлекеттик башкаруу тутумун тазалоо үчүн өкмөттө комиссия түзүлгөн, ага ылайык, мамлекеттик кызматка таза профессионалдардын агымын алып келүү үчүн негиз даярдалат. Ар бир мамлекеттик органда тармактын кесипкөйлөрүнөн, ардагерлеринен жана көз карандысыз эксперттерден турган атайын комиссия түзүлүшү керек жана алар коомчулуктун көзөмөлү астында ведомствонун бардык кызматкерлерин ээлеген кызмат ордуна дал келүүсү боюнча тандоо жүргүзүүсү абзел.
Жолугушуунун соңунда Садыр Жапаров Мамлекеттик кадр кызматынын директоруна кадрдык реформа боюнча конкреттүү иш-чаралардын долбоорун иштеп чыгууну, ошондой эле мамлекеттик башкарууну оптималдаштыруу планын сунуштоо тапшырмасын берди.