23-29-сентябрь аралыгында Өзбекстанда өтүп жаткан баш байгеси 25 миң Америка долларды түзгөн мелдеште кыргызстандык теннисчи Ксения Палкина жалгыз ойноодо биринчи беттеште жеңишке жетти. Бул тууралуу эл аралык теннис федерациясы маалымдайт. Ошондой эле Ксения жупта ойноодо да биринчи беттешин өткөрүп, бирок жеңилип калды. Беттештердин жыйынтыгы төмөндө:
Мелдештин жалгыздан ойноо бөлүгү
1/16 финал
Ксения Палкина (Кыргызстан) 7:5, 6:3 Алина Абдурахимова (Өзбекстан)
1/8 финал
Ксения Палкина (Кыргызстан) – Людмила Киченок (Украина)
Жупта ойноо бөлүгү
Ксения Палкина (Кыргызстан), Нигина Абдураимова (Өзбекстан) 6:7, 6:7 Башак Ерайдин, Мелис Сезер (экөө тең Түркия)