Артём Новиков: "Салык кызматы "жазалоочу органдын" образынан кайтып, тейлөө көрсөтүүчү органга айланышы керек"

Биринчи вице-премьер-министр Артём Новиков салыктарды башкаруунун эски ыкмалары натыйжасыз гана болбостон, ишкерлик чөйрөсүн өнүктүрүүгө тоскоолдук жаратып жатканын айтты. Бул тууралуу ал Мамлекеттик салык кызматынын ушул жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча коллегиялык жыйынында билдирген.


Биринчи вице-премьер-министр салык кызматы тарабынан болжолдуу көрсөткүчтөрдү аткаруу боюнча кабыл алынып жаткан күч-аракеттерге оң баасын берди, буга катар бир катар кемчиликтерди көрсөтүү менен салык кызматынын ишиндеги жакынкы мөөнөткө карай артыкчылыктарды белгиледи.

"Салык кызматы "жазалоочу органдын" образынан кайтып, калк жана бизнес үчүн тейлөө көрсөтүүчү органга айланышы керек. Салык кызматын реформалоо салык администрациясын санариптештирүү, ошондой эле "Смарт Салым" салыктык башкаруунун санариптештирүү долбоорунун алкагында, салык төлөөчүлөр менен өз ара аракеттешүүнү электрондук аралыктагы форматка ыкчам өткөрүү жолу аркылуу ишке ашырылат.

Өкмөт тараптан салыктык текшерүүлөрдү кыскартуу, салыктык текшерүү жана апелляциялык арыздарды кароо функциясын аутсорсингге өткөрүп берүү, ошондой эле салыктык талаштар боюнча бейтарап сотторду түзүү боюнча чечимдер сунушталат. Бизнес салык орган кызматкерлеринин укук ченемсиз иш-аракеттеринен максималдуу түрдө корголушу керек. Ошол эле учурда ушул жылга карай салыктык түшүүлөр жана камсыздандыруу мүчө төгүмү боюнча пландык көрсөткүчтөрдү аткаруу боюнча милдеттер толук көлөмдө ишке ашырылышы керек".

Артём Новиков колдогу резервдерди аныктоо жана коррупциялык тобокелдиктерди кыскартуу зарылдыгын белгилеп, эки апталык мөөнөттө тийиштүү иш-аракеттер планын киргизүү тапшырмасын койду.

"Өкмөттүн жакынкы жылдарга бюджеттик процесстердин туруктуулугун камсыздоо боюнча биринчи кезектеги милдети белгиленди. Мамлекеттин учурдагы бардык чыгымдарын жабуу салыктык кирешелердин эсебинен ишке ашырылуусу тийиш. Ал эми тышкы жардамдар өлкө экономикасын өнүктүрүгө багытталышы абзел. Аталган милдет, биринчи кезекте салык кызматына жүктөлөт. Салыктарды башкаруунун эски ыкмалары натыйжасыз гана болбостон, ишкерлик чөйрөсүн өнүктүрүүгө тоскоолдук жаратат".

Андан соң жогоруда белгиленген "Смарт Салым" долбоорун ишке ашыруу алкагында биринчи вице-премьер-министр Артём Новиков Бишкек шаарындагы Биринчи Май жана Свердлов райондорунун салык органдарындагы "Бирдиктүү терезе" модернизацияланган тутумунун иши менен таанышты. Аталган тутум заманбап санариптик чечимдерди пайдалануу менен салык органдарынын жана салык төлөөчүлөрдүн өз ара аракеттешүүсүнүн жөнөкөйлөштүрүлгөн форматын камсыздоого багытталган.

Жыйындын соңунда Артём Новиков 2020-жылдын соңуна дейре салык төлөөчүлөрдү тейлөөчү бирдиктүү көп функционалдуу борборду ишке киргизүүнү тездетүү тапшырмасын берди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан