Кримтөбөл Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү кармалды. Алар чет элдик жарандан опузалап акча талап кылганга шектелүүдө

Бишкекте Түрк жаранынан опузалап акча талап кылганга шектелгендер милиция кызматкерлери тарабынан кармалды. Шектүүлөр уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү экенин Бишкек ШИИББинин маалымат кызматынан кабарлашты.

"28-октябрда Түркиянын жараны арыз менен милиция кызматкерлерине кайрылган. Анда 27-октябрда болжол менен саат 15:00 чамасында жабырлануучунун кеңсесине белгисиз жарандар келип, өздөрүн Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрүбүз деп тааныштырган. Алар кылмыш иши козголгон кримтөбөлгө жардам бер деп 20 миң сом акча талап кылышкан. Арыздануучу баш тартканда, белгисиз адамдар физикалык зомбулук жана мүлктү жок кылуу менен коркутушкан. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 203-берене ("опузалап талап кылуу") менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

Ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө акча каражатын алып, Тойота унаасы менен бара жаткан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды. Унаанын салонунан ок атуучу курал жана эки патрон табылды.

Кармалгандардын бири "Доня" каймана аты менен жүргөн К.Д. экени белгилүү болду. Мындан тышкары И.Е. аттуу жаран кармалды. Алар Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турган. Учурда кармалган жарандар Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди", - дешти мекемеден.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Kattaldym
2020-10-31 16:13:00
Сакалыңар өрттөнгөн эшектер.
+5
bekov01
2020-10-31 16:40:07
Муну дагы спектакль дегендер чыга калышчу еле
+5
Asel69
2020-10-31 19:17:16
Ушул сакалчандар бийликти коюп мечитке барып молдо болуп эле иштегилечи. Откондо бир сакалчан журот, мэр болом деп. Мэрликти коюп жон эле мечитте молдо болуп журо бербейби бийлик деп жутунбай
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан