Садыр Жапаров Түркиянын президентине табигый кырсыктардын курмандыктары жана ири кыйроолорго байланыштуу көңүл айтты

Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров Түркиянын өлкө башчысы Режеп Тайып Эрдоганга Измир аймагында жер титирөө менен цунамиден кийин адамдардын курмандыктары жана ири кыйроолорго байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалымат кызматынан кабарлашты.

"Измир аймагында жер титирөө менен цунамиден кийин адамдардын курмандыктары жана ири кыйроолор болду деген суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.

Кыргыз элинин атынан жана жеке өзүмдүн атымдан жалпы түрк элине терең кайгыруу менен көңүл айтам. Курман болгондордун үй-бүлөлөрүнүн, жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшөм, жабыркагандардын тезирээк сакайып кетишин каалайм", - деп белгиленет көңүл айтуу телеграммасында.

30-октябрда Самос аралына жана Түркиянын Измир провинциясындагы Сеферихисар шаарына жакын Эгей деңизинде күчү 6,6 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөөнүн кесепетинен 20га жакын турак үй урап түшкөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан