Төмөнкү Ала-Арчадагы 26 жаштагы кыздын өлүмү: Шектүүлөрдүн бири күрөөгө акча коюу менен үйүнө чыкты

Чүйдүн Төмөнкү Ала-Арча айылында 26 жаштагы кызды өлтүрүп, анын атасын бычактап кеткен окуяга шектелип кармалгандардын бири 1 миллион сом күрөө коюп үйүнө чыгарылды. Бул тууралуу Чүй облустук сотунун басма сөз кызматынан кабарлашты.

ектүү ден соолугуна байланыштуу убактылуу кармоочу жайдан Улуттук кардиология жана терапия борборунун бөлүмүнө которулган. Ал жашы жете элек 3 баласы бар деген аныктамасы, ошондой эле жабырлануучу тараптын тосмо арызынын негизинде сот департаментине 1 миллион сом күрөө коюп үйүнө чыгарылган", - деп билдиришти мекемеден.

Ал эми калган эки шектүү убактылуу кармоочу жайда, тергөө иштери улантылып жатканын кошумчалашты.

Окуянын чоо-жайы:

26-сентябрь күнү болжол менен саат 02:50 чамасында үйгө бет капчан белгисиз эки киши кирген. Алар 62 жаштагы Т.Ж. аттуу киши менен анын 26 жаштагы Т.А. аттуу кызын бычактап, андан соң качып кетишкен. Натыйжада алган жаракаттарынын негизинде 26 жаштагы кыз көз жумуп, ал эми эркек киши Бишкектеги ооруканалардын бирине жеткирилген. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

ИИМдин, Чүй ОИИББинин жана Аламүдүн РИИБинин кызматкерлери тарабынан кылдаттык менен жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында кылмышка шектүүлөр кармалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Mubarak
2020-11-01 12:42:29
Кызганычтан улам болду беле бул окуя
+5
bond02
2020-11-01 13:22:49
Садырдын закону да бул э, акчасын алгыла да камабагыла деген.
-14
aizira
2020-11-01 14:49:52
bond02,оозуна келгенди оттой бересинби эшеке окшоп. Жолдо баратып чалынып кетсенда Жапаров куноолу Боло береби силерге.
+11
bond02
2020-11-01 14:55:37
aizira,Жапаров баштады го ушул нерсени Раимден, манкурт болбосон тушунот элен.
-13
velicanos
2020-11-01 20:03:37
bond02,. Мээң жакшыле иштейби. Окуя 26-сентябрь болгон деп турат. Садыр ал убакта түрмөдө жаткан
+6
Datka7777
2020-11-02 09:33:12
bond02,УПК деген не Уголовный кодекс деген не экенин билбесен бироого жармашкандан айланасынбы
0
aerforce
2020-11-01 20:59:11
Камалсын акчасы коп козу май баскандан заказ берип жатат эми акча толоп. Койуп уйуно чыкса боло береби
0
aziatka0225
2020-11-02 05:08:04
Бул окуя кызганычтан болгон го, уч баласы бар экен, окунучтуусу ошондой семьяны бузгандар коп катталып жатат, олтуртконго жеткиргендир балким. Бир бузукунун айынан канча адамдын тагдыры талкаланып жатат))
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан