Жогорку Кеңештин аппаратынын кызматкерлерине айлык акы төлөнгөн жок. Бул тууралуу депутат Дастан Бекешев Telegram-каналына калтырган билдирүүсүндө айткан.
"Жогорку Кеңештин аппаратынын кызматкерлерине айлык төлөнбөгөнүнө караганда, республиканын бюджетинде каражат катуу тартыш болуп жаткан окшойт. Эл өкүлдөрүн маянасыз калтырса мейли, жок дегенде аппараттын кызматкерлерине маяна берилсе болмок. Баарына айлыкты төлөп берет деп үмүттөнөм", - деген ал.
Депутат кайсы айдын айлыгы которула электигин тактаган эмес.
22-октябрда "Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында өткөн Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында депутаттар 6 ай айлык албай иштөөгө ниеттенип жатканын, бирок аппараттын кадимки кызматкерлерине айлык төлөнөрү айтылган.