Бишкек шаардык сотунда Камчы Көлбаевдин соту белгисиз мөөнөткө жылдырылды

Бүгүн, 2-ноябрда кримтөбөл Камчы Көлбаевдин баш коргоо чарасы Бишкек шаардык сотунда каралмак.

Бирок сотко Камчы Көлбаев алып келинген жок. Ошондой эле соттук отурум белгисиз мөөнөткө жылдырылды.

23-октябрда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун чечими менен Камчы Көлбаев тергөө амалдары жүрүп жаткандыгына байланыштуу УКМКнын СИЗОсуна киргизилген. Ага карата "кылмыштуу уюмду түзүү же ага катышуу" беренеси менен кылмыш иши козголуп, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
nazarnew
2020-11-02 11:07:15
Блин атып эле салгылачы ушул криминалды, бүт байлыктарын конфискация кылып туруп, ушул черный аттуларды оптом кырып салгылачы пайдасыз паразиттерди, сот деп олтурбай, биздин ушул лох сотубуз бар колдорунан фиг дагы келбеген.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан