Маданият жана искусство чөйрөсүндө иштеген кызматкерлердин саны 12 миңге чейинки адамды түздү, алардын 59 пайызы аялдарга туура келет. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.
2019-жылы республиканын аймагында 710 клуб тибиндеги маданият мекемелери иштесе, ушул эле жылдын аягына карата 6 концерттик уюм, анын ичинде 3 филармония иштеген. 2019-жылы республиканын аймагында 67 музей иштеген. Мындан тышкары ушул эле жылы 40 маданий эс алуу парктары камсыз кылынып, алардын ичинен 10 парк Бишкек шаарында жайгашкан.
2019-жылы концерттик жамааттар жана аткаруучулар тарабынан 318 концерт берилген. Эл кыйла көп баруучу концерттер Бишкек шаарындагы Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өткөрүлөт.
2019-жылы республиканын аймагында 67 музей иштеген, алар тарыхый, тарыхый-этнографиялык, тарыхый-архитектуралык, тарыхый коруктар, мемориалдык, көркөм жана адабий музейлери тарабынан көрсөтүлгөн. Көрүүчүлөрдүн көңүлүнө 326 миңден ашык көргөзмө экспонаттары сунушталат.