Манасчы Дөөлөт Сыдыков: "Манасты тынымсыз жана узак убакыт айтып "Гиннесстин рекорддор китебине" кирүүгө аракет кылам"

Манасчы Дөөлөт Сыдыков 14 саат тынымсыз Манас айтып, "Гиннесстин рекорддор китебине" кирүүгө аракет кылат. Маалыматты SUPER.KG порталына манасчы өзү тастыктады.

Дөөлөт Сыдыковдун айтымында, бул иш-чара 12-ноябрга белгиленген.

"14 саат тынбай айтат деп жазылганы "Гиннеске" катталуу үчүн белгилүү бир санды көрсөтүү керек экен. Мен "Манастан" үзүндүнү айтууну тынымсыз жана эң узак убакыт айтып, "Гиннестин рекорддор китебине" кирүүгө аракет кылам. Андыктан бул жерде 14 саат деп так кесе айтуу туура эмес болуп калат го. Балким андан ашат, балким ага жетпей калат. Буюрса Манас, Бакай, Кошой аталарыбыздын касиети колдосо, кыраан кырк чоро аталарыбыз колдосо, андан ашыра айтканга аракет кылабыз.
Манас айтуунун күнү 12-ноябрга белгиленди. Манас атанын эстелигинин жанында эртең менен башталат. Буга чейин тектеш болгон алтайлык туугандар, монгол улутундагылар болуп биригип, кайры (көмөкөй менен ырдоо) ырын бир нече киши 4 жарым саат тынбай ырдашып, "Гиннесстин рекорддор китебине" кириптир. Андан бери эпостор түрүнө кирген ырлар рекорду жаңыра элек экен. Биздин Манасыбыз тургандан кийин анын артынан кыргыз элин даңазалап рекорд көрсөтөлү деп турабыз, буюрса аракет кылабыз", - дейт манасчы.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
KAMRI70
2020-11-02 15:19:29
Азаматсың,Кыргызды даңазалай бер
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан