Бектур Асанов президенттикке талапкерлигин коюу үчүн арыз тапшырды

Бектур Асанов президенттикке талапкерлигин коюу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына арыз тапшырды. Бул тууралуу ал SUPER.KG порталына тастыктады.

Маалыматка ылайык, Асанов өзүн-өзү көрсөтүү жолу аркылуу талапкерлигин койду. "БШКга арызды бүгүн тапшырдым.

Соттолгонум жоюлат деп ишенем. Бул иш жакынкы күндөрү каралат. Адилеттүү чечим чыгат деп ишенем. Эч кандай далили жок соттолгом. Биз дагы Садыр Жапаровдой болуп акталабыз", - дейт Асанов.

2016-жылы бир нече саясатчылар "бийликти басып алууга аракеттенген" деген айып менен кармалган. Алардын катарында Бектур Асанов дагы болгон. Алар 12 жылдан 20 жылга чейин кесилишкен. Жогорку Сот алардын ишин 2017-жылы 7-июнда карап, Асановдун жаза мөөнөтүн сегиз жыл кылып кыскарткан. Жаңы кодекстерге ылайык жаза мөөнөтү дагы кыскарып, Асанов эркиндикке чыккан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан