Өмүрбек Бабанов: "Мен саясаттан кеттим деп эки жолу айткан эмесмин"

Бүгүн, 2-ноябрда саясатчы Өмүрбек Бабанов "Азаттык" радиосуна интервью берип жатат.

Ал буга чейин саясаттан кеткенин жарыялаган.

"Саясий долбоорумду жыйынтыктадым, мени туура түшүнөсүңөр деп ойлойм, жүрөгүм тарткан ишке күчүмдү жумшоого убакыт келди" деп билдирген ал саясаттан кеткенин жарыялап жатып.

2020-жылы ал саясатка келгенин айтып "эл кыйын абалда турганда, кайдыгер болбой саясатка кайтып келдим", - деп билдирген.

Мындан улам ага "позицияңызды өзгөртүп жиберүү сизге оңой нерсеби?" деген суроо узатылып, Бабанов суроого төмөнкүдөй жооп берди.

Айтымында, ал саясаттан эки жолу кеттим деп айткан эмес.

"Тактап коюу керек, мен саясаттан кеттим деп эки жолу айткан эмесмин, бир эле жолу 2017-жылы президенттикке талапкер болуп, анын жыйынтыгы башкача болгон себебинен андан кеттим деп айткам. Мен саясатка 2004-жылы аралашкам жана президенттикке талапкер болуу саясатчынын саясатта жеткен ийгилиги деп ойлойм. Тилекке каршы, буйрук экен мамлекет башчы болгон жокмун. Кийин Кыргызстанга кайтып келгенде партиянын юридикалык жагын бүтүрдүм. Бул эки жолу кетүү дегенди түшүндүрбөйт. Анан эң негизгиси саясаттан кеттим деген сөз мен үчүн саясатка активдүү аралашпайм дегенди түшүндүрөт", - деди Бабанов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан