Өмүрбек Бабанов: "Шаршенович менен Шарипович өлкөгө 1 жыл келбей тур деп айткан"

Саясатчы Өмүрбек Бабанов "Азаттыкка" интервью берип жатып, мурунку президенттер Алмазбек Атамбаев менен Сооронбай Жээнбеков аны 1 жыл өлкөгө келбей туруусун өтүнгөнүн билдирди.

"2017-жылы Алмазбек Шаршенович менен Сооронбай Жээнбеков экөө "бир жыл келбесин, тынчтык болсун, эч бир партиялаштарына тийишпейбиз" деп айтышкан. Мен бир жыл макул мен өлкөгө келсем тынч болбойт экен деп сыртта жүрдүм. Мен ал учурда бир эле Шарипович менен күрөшпөстөн, бийлик менен да күрөштүм", - деди Бабанов.

Анда журналисттин "кете тур дегенге эмнеге макул болдуңуз?" деген суроосуна кайра Бабанов төмөнкүдөй жооп узатты.

"Жок, кете тур деген жок, мен дем алганы кеткем. Ал жакка кеткенде Он-Адыр окуясы боюнча мага иш козголду. Ошондо алардан саясаттан кетсин деген сунуш түштү. Илмиянов депутаттардан мени кетирүү боюнча кол топтой баштады, ошондо менин ишенген адамдарым мени кетсин дегени чоң сокку болду", - деп жооп берди саясатчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан