Бүгүн, 2-ноябрда саясатчы Өмүрбек Бабанов "Азаттыкка" маек берип жатат. Анда "президенттик шайлоого аттанасызбы?" деген суроо берилди.
"Мамлекеттин башчысы болом деген талапкер жоопкерчиликти сезиши зарыл. Келишти, кетишти билиш керек. Кыргыз өлкөсүндө кандай кетүүлөр болуп жатканын көрүп жатабыз. Бул боюнча жоопту жакында элим угат, өзүмдүн оюмду айтам. Мен акылдаша турган адамдар бар. Кеңешип, чечимди айтабыз", - деп жооп берди.