Кыргызстан курама командаларынын Олимпиадалык даярдоо борборунун директору Назирдин Акылбеков бүгүн, 26-сентябрь күнү өткөн маалымат жыйында жакында жыйынтыкталган күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугу тууралуу айтты. “Биздин балбандар Дүйнө чемпиондугунда болгон мүмкүнчүлүктөрүн жумшады, бирок Дүйнө чемпиондугу жөнөкөй мелдештерден эмес жана ал жерге планетанын мыкты балбандары чогулгандыктан жеңиш кыйын болду. Күрөш күндөн-күнгө өнүгүүдө. Көптөгөн өлкөлөр аны өздөштүрүп, ар бир салмакта атаандаштык жогору болууда. Грек-рим күрөшү боюнча 73 өлкөнүн ичинен Кыргызстан 15-орунду ээледи. Бул биздеги күрөштүн учурдагы абалын көрсөтүп турат” – дейт Назирдин Акылбеков. Андан сырткары, буга чейин балбандарга жакшы шарттар түзүлбөгөнүн жана учурдагы жетекчилер тарабынан шарттарды түзүүгө аракет кылып жатканын билдирди. Эске салсак, Венгрияда 22-сентябрь күнү жыйынтыкталган күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугуна Кыргызстандан 12 спортчу катышып, мелдеште медаль жеңе алган эмес.