Максатым — Кыргыз өлкөсүн коррупциядан арылтып, жакынкы келечекте анын туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылуу. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын президентинин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров Баткен облусунун активи менен жолугушкан учурда билдиргенин президенттик аппараттан билдиришти.
Анда Садыр Жапаров Исхак Раззаковдун «Сен таза болсоң, мен таза болсом, коом да таза болот» деген сөзү анын урааны экенин айтып, коррупцияга каршы аракеттенүүдө ар бир жетекчи саясий эркти көрсөтүүсү керектигин баса белгилеген.
«Мен бардык ишти салмак менен карап жатам. Элибиз мамлекетибиздин өсүп-өнүгүшүнө, чиновниктер менен мамлекеттик кызматкердин коррупциясыз таза иштөөсүнө суусап турат. Ошондуктан бардык жетекчилерден бекем саясий эркти көрсөтүп, коррупция менен күрөшүп, таза иштөөгө чакырам. Мен ушуга аттандым! Максатым — Кыргыз өлкөсүн коррупциядан арылтып, жакынкы келечекте анын туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылуу», - деген президенттин милдетин аткаруучу.