Ырчы жана продюсер Лутфилла Бусурманкул уулу кырк жылкылуу болду

Ырчы жана продюсер Лутфилла Бусурманку уулунун жубайы көз жарып, түгөйлөр кырк жылкылуу болушту. Аны куттуктап байланышканыбызда, жубайы бүгүн, 3-ноябрда эртең менен көз жарганын айтты.

"Эки уулдан кийин кыздуу болдук. Кызыбыз дарыгерлер айткан убакыттан 2 аптадай кеч төрөлдү. Бул убакыт аралыгында жубайым тынчсызданып жатты. Негизи УЗИден "кыз"деп көрсөткөн, бирок тааныштарыбыздын, жакындарыбыздын баары эле келинчегимдин курсагын көрүп алып, уулдуу болосуңар дешсе, көпчүлүктүн айтканына ишене баштаганбыз. Уул же кыз болорун так билбей ысым дагы тандабай жүргөнбүз", - дейт ал.

Лутфилла Бусурманкул уулу кызына ысымды өзү коёрун кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
umarlina55
2020-11-04 12:16:43
жакшы болуптур да 2уулдан кийин кыз омурун берсин
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан