Бүгүн, 3-ноябрь күнү маданият өкүлдөрү кинотеатрлардын ачылуусун талап кылып маалымат жыйынын өткөрүштү. Коюлган талапка ылайык, акыркы 8 айдан бери кинотеатрлар жабык турат. Бул көйгөйлөрдүн үстүндө SUPER.KG порталы тиешелүү кызмат органдары менен байланышып, алардын жоопторун алды.
"Бул тууралуу сентябрь айында эле Саламаттыкты сактоо министрлиги менен биргеликте карантин маалында иштеп жаткан мекемелер кандай нормаларды сакташы керектиги тууралуу тиешелүү алгоритмдер иштелип чыккан. Мына ошого ылайык ар бир мекеме, анын ичинен Маданият министрлиги атайын алгоритмдин негизинде кинотеатрларды ачууга чечим чыгарып бериңиздер деп республикалык штабга кайрылуу жасап, маселе көтөрүлсө, штабдын чечими токтомго киргизилет. Мына ушул талапты Маданият министрлиги эмне үчүн жасабай жатат, ал бизге белгисиз", - деп билдиришти республикалык штабдын басма сөз кызматынан.
"Бул боюнча өткөн аптада өкмөткө атайын кайрылуу жөнөткөнбүз. 2020-жылдын март айынан баштап ушул убакытка чейин кинотеатрлар ачылбай жатат. Бир катар кинотейлөө багытындагы күчтүү кесипкөй адистерди жоготуп алуу коркунучунда турабыз, кинотеатрларды ачууга уруксат бериңиздер деп кат жөнөткөнбүз, жооп күтүлүүдө", - деди Маданият министрлигинин басма сөз кызматынан.
Кыргызфильм киностудиясы бир жылда 15-20 тасма жаратат. Учурда тасма тартуу токтоп турат. Өткөн жылы Кыргызфильмден мамлекетке 10 миллион сомдой киреше түшкөн. Учурда миңге жакын кинотейлөө багытындагы кесипкөй адистерибиз жумушсуз калуудан улам башка жакка иштеп кетүүгө аргасыз болушууда.