Өлкөдө митинг, кызматтан бошотуу, кызматка дайындоо жана башка окуялар дагы деле уланууда. Бирок коомчулукта андан тышкары дагы жаңылыктар бар. Бул жолу шоу-бизнес тармагындагы кептерге токтолсок:
Актёр, алып баруучу Самат Эркинбеков бүгүн, 3-ноябрда жубайы менен уулун төрөт үйүнөн чыгарды. Ага актёрдун жакындары, достору дагы келишти. Самат Эркинбеков уулуна Иман деген ысым ыйгарганын айтат. Эске салсак, актёрдун жубайы 29-октябрда көз жарган.
"Кыз-Бурак" тобунун мурунку солисти, ырчы Айтурган Эрмекова менен жолдошу Дамирдин үй-бүлөсүндө толуктоо күтүүдө. Бул тууралуу ырчы социалдык тармактагы баракчасына жазып, күйөрмандарынан келген суроолорго чекит койду.
"Үйлөнгөнүбүздөн 1 жылдан ашкандан кийин Кудайым бизге чоң белек тартуулады. Кош бойлуумун, 7 айдан ашты, уул экен. Мага "боюңда барбы, канча жыл болду?" дегендер бар. Силерге да меникиндей бактылуу жашоо берсин Кудайым. Буюрса, 2 айдан кийин көз жарам деп турам. Ашыкча сөздүн, негативдин кереги жок, менде баары жакшы", - деп айткан билдирүүсүндө.
"Тамашоу" долбоорунун түптөөчүсү, "Супер-Инфонун" тандоосу боюнча "Жылдын супер телеалпаруучусу" наамынын 3 жолку ээси жана "Маданияттын мыкты кызматкери" Эрмек Нурбаев АКШда жүрөт. Учурда ал чет өлкөдө эмгектенип жатканын жазып, бирок так айткан эмес.