Сокулукта жарандын 50 миң 240 сом акчасын жана уюлдук телефонун тартып алган үч жаран кармалды

Сокулук районунда тоноочулукка шектүү деген үч жаран кармалып, ага карата кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнө Чүй облусунун тургуну 27 жаштагы Т.М. аттуу жаран кайрылган. Ал 2020-жылдын 28-октябрында саат 22:17 чамасында Сокулук районунун Романовка айылында болуп, белгисиз 3 адам тарабынан физикалык күч колдонуп, 50 миң 240 сом суммасындагы акчаны жана уюлдук телефонун тарттырып алган. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

"Сокулук РИИБдин милиция кызматкерлери башкарган 25 жаштагы С.А. аттуу жаран кармалып, тергөө кызматына өткөрүлүп берилген. Алдын ала маалыматтар боюнча 3 жаран жолдо бараткан жабырлануучуну бычакка окшош буюм менен коркутуп, 50 миң 240 сом өлчөмүндөгү акча каражатын жана уюлдук телефонун ээлеп алышкан. Жабырлануучу мушташ учурунда качып кетүүгө үлгүргөн", - деп жазылат маалыматта.


Учурда милиция кызматкерлери тарабынан кармалган шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилип, сотко чейинки иштери аткарылууда.




РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан