Сокулукта эч себепсиз жаранды ур токмокко алган деп 53 жаштагы шектүү кармалды

Чүй ОИИББинин уюшулган кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан бейбаштыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Ушул жылдын октябрь айында Сокулук районун ички иштер бөлүмүнө арыз менен Р.А. аттуу жергиликтүү жаран кайрылган. Арызда белгисиз жаран аны эч себепсиз ур токмокко алган. Бул окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Ыкчам-издөө иш-аракетинин натыйжасында, бул кылмышка шектүү делип 1967-жылы туулган С.М. аттуу жаран кармалган. Учурда зарыл болгон экспертизалар дайындалып, сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан