Бишкек шаарындагы Свердлов районуна караштуу "Чыгыш-5" кичи районунда чыккан өрттөн бир адам каза болду. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан SUPER.KG порталына билдирди.
Маалыматка ылайык, өрт үйдүн жер төлөсүнөн чыккан.
"Чыгыш-5 кичи районундагы Мамбетов көчөсүнүн №27 үйдүн жер төлөсүндөгү 5 чарчы метр таштанды күйгөн. Өрт кырсыктын кесепетинен 1 эркек кишинин (аты жөнү такталууда) жансыз денеси табылды. Адамдын жансыз денеси ИИМдин кызматкерлерине өткөрүлүп берилди", - деп билдирди өзгөчө кырдаалдар министрлигинен.
Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.