Бүгүн, 4-ноябрда Жогорку Кеңештин комитетинин жыйынында Талант Мамытовдун талапкерлиги каралууда. Депутат Иса Өмүркулов Жогорку Кеңештин имаратын тез арада оңдоо керектигин айтты. "Айрым депутаттардын имаратты өзүбүз оңдойбуз деген демилгесин колдобойм. Бул жеке менчик эмес. Эртең менен туруп кайсы жакка барышыбызды билбейбиз. Тез арада имаратты оңдойлу", - деди ал.