Бүгүн, 4-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында спикерликке Талант Мамытовдун талапкерлиги каралып жатат. Анда депутат Зарылбек Рысалиев Жогорку Кеңештин имараты боюнча маселе көтөрдү.
"Кожобек Рыспаев Ак Үйдү талкалагандарды жоопко тартуу керектигин айтты. Мен буга жооп кылып коёюн, буга эмне себеп болду? Үч партия себеп болду. Ошондуктан "Кыргызстан", "Биримдик", "Мекеним Кыргызстан" партиясынын эсебинен жаңы Ак Үй салдырып албайлыбы", - деди ал.
Депутаттар бул сунуштарды тамаша иретинде кабыл алышты. Ал эми депутат Евгений Строкова Рысалиевди сындады. "Сиз үчүн мен уялып жатам", - деди ал.