Кара-Балта шаарында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

Жайыл райондук милиция кызматкерлери тарабынан уюшкан топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 26-сентябрда Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирет. 23-сентябрь күнү саат 20:00 чамасында Жайыл райондук милиция кызматкерлеринин жүргүзгөн ыкчам аракеттеринен кийин 1982-жылы туулган К.З. аттуу жаран кармалды. Текшерүү учурунда анын чөнтөгүнөн 10 огу менен Макаров үлгүсүндөгү тапанча табылды. Учурда бул факты боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан