Ош шаарында Сулайман-Тоодон өзүн-өзү таштаган кыздын аты-жөнү такталбай жатат. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Мааалыматка ылайык, 30-октябрь күнү саат 20:17 чамасында "Тез жардам" кызматынан Ош ШИИБинин нөөмөт бөлүмүнө билдирүү келип түшкөн. Анда жашы болжол менен 20-25 чамасындагы кыз Сулайман-Тоодон боюн таштап, алган жаракаттарынын негизинде окуя болгон жерде каза болгону айтылган.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Маркумга карата соттук-медициналык экспертиза дайындалган.
"Учурда кыздын аты-жөнү жакындары такталбай жатат. Мындан улам милиция жарандардан жардам сурайт. Кыз көк түстөгү кофта, жынсы шым, бутуна көк түстөгү бут кийим кийип жүргөн. Бою 150-155 сантиметр. Чачы кара. Чачынын узундугу 35 сантиметр. Башка өзгөчө белгилери жок", - деп билдирет басма сөз кызматынан.