Москвада өтө турган фестивалга Кыргыз өлкөсүнөн 2 тасма ат салышат

Кыргыз режиссёрлорунун эмгектери "Москва премьерасы" эл аралык кино фестивалга катышат. Кыргыз киноматографисттер союзунун маалыматына ылайык, фестивалда Артыкпай Сүйүндүков менен Тынчтык Абылкасымовдун тасмалары көрсөтүлөт.

Маалыматка ылайык, режиссёр Артыкпай Сүйүндүковдун "Шамбала" тасмасы толук метраждуу тасмалар сынагында, ал эми Тынчтык Абылкасымовдун "Чек арада" тасмасы кыска метраждуу тасмалар сынагында ат салышат.

Сынакка Азербайжан, Армения, Беларусь, Грузия, Казакстан, Молдова, Литва, Орусия, Өзбекстан, Украина жана Кыргыз өлкөсү катышат.

"Москва премьерасы" фестивалы 2003-жылдан бери өткөрүлүп келет. Быйыл аталган иш-чара 12-17-ноябрь аралыгында Москвада өтөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан