Бишкек шаарынын Свердлов районунда жол кырсыгынан бир адам каза болуп, бир адам жабыркады. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Такталган маалымат боюнча Шабдан Баатыр кең көчөсүндө Мерседес-Бенц-Спринтер үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай жолдон чыгып электр мамысын сүзгөн. Кырсыктын кесепетинен 2002-жылы туулган айдоочу каза болгон, ал эми 2001-жылы туулган бала жабыркаган.
Куткаруучулар маркумдун жансыз денесин унаадан чыгарышып, ИИМдин кызмакерлерине өткөрүп беришкен. Ал эми жабыркаган жаран "Тез жардам" кызматы аркылуу ооруканага жеткирилген. Жерине Бишкек шаардык куткаруу кызматынан 5 куткаруучу тартылган.