Бишкек аэропорт унаа жолунда бензовоз менен мотоцикл сүзүшүп, мотоциклдин айдоочусу каза болду. Бул тууралуу Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы кечээ, 4-ноябрда саат 14:30 чамаларында болгон. Анда түндүктөн түштүккө карай бара жаткан бензовоз солго бурулайын деген, артынан келе жаткан мотоцикл унаасы ашып кетүүгө шашылып,натыйжада жол кырсыгына учурашкан.
Мотоциклди айдаган 20-25 жаштардагы жаран алган жаракаттарынан улам каза болгон.
Учурда жол кырсыгынын чыгуу себептери менен Сокулук РИИБинин кызматкерлери иштеп жатат.