Бүгүн, 5-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйыны өтүп жатат. Жыйында өлкөдөгү эпидемиологиялык абал тууралуу маалымат угулууда.
Депутат Дастанбек Жумабеков вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиеваны социалдык тармактарда сурамжылоо жүргүзгөнүн сындады.
"Сиз социалдык тармактарда активдүү экениңизди билебиз. Мектептерди ачуу керек деп сурамжылоо жүргүздүңүз. Мунун максаты эмне?" - деп сурады депутат.
Сурабалдиева бул боюнча талкуу жүрүп жатканын айтты. Ал илдет катталбаган аймактарда ата-энелер мектептерди ачууну суранып жатышканын айтты.
Дастан Жумабеков жоопкерчиликти сурамжылоого катышкан адамдарга жүктөп коюуу туура эместигин эскертти.