Милициянын кайгуул кызматы ден соолукка оор зыян келтирген жаранды кармады. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 4-ноябрь күнү болжол менен саат 16:40 чамасында Бишкек ШИИББинин 102 кызматына Ош базарында "атамды уруп жатат" деген маалымат келип түшкөн. Айтылган дарекке ошол замат милициянын кайгуул кызматкерлери келип, маалыматты тактаганда 1997-жылы туулган П.Ф. аттуу жаран арыз менен кайрылган.
"Анда ошол эле күнү болжол менен саат 16:20 чамасында арыз ээсинин атасын болжол менен жашы 40-45 жаштардагы жаран атасы менен урушуп, атасынын башына темир балка менен чаап, денесине оор залал келтирген. Ошол адамга карата чара көрүүнү өтүнгөн. Жазылган арыздын негизинде ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүп, кылмыштын изи сууй электе кылмышка шектүү катары 1975-жылы туулган Э.А. аттуу жаранды кармашып, Ленин РИИБинин тергөө кызматына өткөрүп беришкен", - деп жазылат маалыматта.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.