Чүйдүн Төмөнкү Ала-Арча айылында 26 жаштагы кызды өлтүрүп, анын атасын бычактап кеткен окуя тергелип бүтүп, жакынкы күндөрү сотко жөнөтүлөт. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, учурда бул кылмышка буйрук берген деген аял 1 миллион сом күрөө коюп үйүнө чыгарылган.
"Ал эми кармалган эки эркек учурда СИЗО-1де. Тергөө иштери жүрүп жатат", - деп билдирди басма сөз кызматынан.
Окуянын чоо-жайы:
26-сентябрь күнү болжол менен саат 02:50 чамасында үйгө бет капчан белгисиз эки киши кирген. Алар 62 жаштагы Т.Ж. аттуу киши менен анын 26 жаштагы Т.А. аттуу кызын бычактап, андан соң качып кетишкен. Натыйжада алган жаракаттарынын негизинде 26 жаштагы кыз көз жумуп, ал эми эркек киши Бишкектеги ооруканалардын бирине жеткирилген. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
ИИМдин, Чүй ОИИББинин жана Аламүдүн РИИБинин кызматкерлери тарабынан кылдаттык менен жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында кылмышка шектүүлөр кармалган.