Клара Сооронкулова президенттик шайлоого аттануу ниети бар экенин билдирди

Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова президенттик шайлоого аттануу ниети бар экенин айтты. Бул тууралуу ал SUPER.KG порталына билдирди.

"Президенттик шайлоого аттануу ниетим бар. Жакын арада Борбордук шайлоо комиссиясына арыз тапшырам", - деди ал.

Буга чейин Арстанбек Абдылдаев (Арстан Алай), Назарбек Нышанов, Кубан Чороев, Бектур Асанов, Адахан Мадумаров, Канат Исаев, Абдыкаар Сыдыков президенттикке талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арызын калтырган.

Президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январына белгиленген. Ага катышуу үчүн жарандар партиянын атынан же өзүн-өзү көрсөтүү аркылуу талапкерлигин койсо болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан